Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Норвегиянын Хаукеланд университетине караштуу оорукананын дарыгери Марта Эббинг изилдөө жүргүзүп, адамдар көп пайдаланган эки витамин рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырарын аныктады.

Бул тууралуу Американын медициналык ассоциациясынын журналы жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты.

Изилдөөнүн жыйынтыгында В12 жана фолий кычкылы рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары белгилүү болгон. Бул эки витаминди кабыл алган жүрөк оорусу менен жабыркагандарда бул кошумчаларды ичпеген жүрөк оорулууларына салыштырмалуу кандайдыр бир себептерден улам рак жана өлүм коркунучу бир аз жогорулаган.

Окумуштуулардын айтымында, фолий кислотасы жана В12 кошулмасы рак оорусуна чалдыгуу коркунучун 21 пайызга, рактан өлүү коркунучун 38 пайызга жана ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 18 пайызга жогорулатат. Ошондой эле алар бул витаминдерди ичүү өпкө рагына чалдыгуу коркунучун да жогорулатат деген жыйынтыкка келишкен.

Фолий кычкылы – адамдын организиминде кан айланууну, иммундук системаны, нерв системалар өз функциясын туура аткаруусун жөнгө салат. Бул витамин кош бойлуу аялдарга да сунушталат. Ал петрушка, шпинат, укроп, жашыл түстөгү жашылчаларда, кээ бир цитрус жемиштеринде, малдын боорунда, балда болот. Фолий кычкылынын жетишпестиги – нерв системанын туура эмес өрчүшүнө, баланын айынан жетпей төрөлүшүнө алып келет.

Ал эми организм үчүн абдан маанилүү роль ойногон B12 витамини ДНКны түзүүдө жана нерв менен кан клеткаларын чыңдоодо маанилүү азык болуп эсептелет. Бирок, жогоруда белгиленгендей бул витаминдин ашыкча дозасы ар кандай кесепетерге алып келгендиктен өз алдынча кабыл алуу сунушталбайт.

Комментарий жиберүү