Ташиев: Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алды

Кыргызстан биринчи жолу бюджеттик каражатка Орусия жана Түркиядан “Байрактар” жана  “Орлан 10Е” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алууда.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Биз башка техникаларды алуу үчүн да мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыр Түркияда биз үчүн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараты жасалып жатат. “Байрактар” дүйнөнүн беш  мамлекетинде гана бар, алардын бири Кыргызстан болот. Жакында ал да биздин өлкөгө келип түшөт. Бүгүнкү күндө Түркияда биз өзүбүздүн башкаруучуларыбызды окутуп, даярдап жатабыз”, – деди Ташиев.

Мындан тышкары, ал Орусиядан дагы “Орлан -10Е” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алып жатканын, ага дагы каражат бөлүнгөнүн айтып, аны менен катар снайпердик куралдар дагы сатылып алынып жатканын кошумчалады.

Кечээ, 21-октябрда УКМКнын Чек ара кызматына бюджеттик каражатка сатылып алынган зооттолгон аскердик техниканын 40 даанасы тапшырылган.

Аскердик техникалар УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Комментарий жиберүү