Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирустук инфекциядан болгон өлүмдү Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды.

Бул тууралуу ал Валдай клубунун XVIII жылдык жыйынында айтканын “Лента.ру” сайты жазды.

Путин дйнөдө 4,9 миллиондон ашуун адам COVID-19  илдетинен каза болгонуна токтолуп, “Бул коркунучтуу сандар салыштыра келгенде Биринчи дүйнөлүк согуштун негизги катышуучуларынын арасындагы аскердик жоготуулардан да ашып түшөт”, – деди.

Ошондой эле, Орусияда коронавирус боюнча абал оор экенин, илдеттин таралышы тездеп, эмдөөнүн деңгээли төмөн бойдон калып жатканын айтты.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктурган 243 миллиондон ашык учур катталган. Ал эми жоготуулар 4 миллион 940 миңден ашты.

COVID-19дун катталуу учуру жана өлүм боюнча АКШ биринчи орунда турат. Андан кийин Индия жана Бразилия мамлекеттеринде илдет көп катталууда.

АКШ  – 45,3 млн. учур, 733 миң өлүм;
Индия – 34,1 млн. учур, 453 миң жоготуу;
Бразилия – 21,7 млн. учур, 605 миң жоготуу.

Белгилей кетсек, Тажикстанда расмий маалымат боюнча, коронавирустан 125 гана адам каза болгон.

Комментарий жиберүү