Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Маектешүүнүн соңунда…

Прочитайте больше

Иран менен Пакистан сокку алмашуулардан кийин элдешти

Иран менен Пакистан сокку алмашуулардан кийин элдешти

Пакистан менен Иран ушул аптада бири-биринин аймагындагы согушкерлердин буталарына абадан сокку урушту. Эки тарап тең каза болгондор тууралуу кабарлап, Исламабад өз элчисин чакыртып алган. Бирок жаңжалдын күчөшүн эч ким каалабайт, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, деэскалация боюнча макулдашышты. Иран менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Хоссейн Амир Абдоллахиан менен Жалил Аббас Жилани жума күнү телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эки өлкөнүн элчилерин мөөнөтүнөн мурда кызматка кайтаруу маселеси талкуулашканын, Ирандын тышкы иштер министрлигинин Түштүк Азия…

Прочитайте больше