Азирети Муфтийдин кызмат ордуна конкурс жарыяланды

Азирети Муфтийдин кызмат ордуна конкурс жарыяланды

Азирети Муфтий кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январдан 6-февраль, саат 17:00 гө чейин документтерди тапшырышы керек. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Аалымдар Кеңешинин бүгүнкү жыйынында 2024-жылдын 10-февралына Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайын чакыруу чечими кабыл алынды. Аны менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин астында түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна конкурс жарыялады. Кыргызстандын Муфтийи кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январь күнү саат: 10:00 баштап 6-февраль саат 17:00 гө чейин…

Прочитайте больше

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

«Талибан» 2022-жылдын мартында эле «Куш-Тепа» каналын кура баштаган. Алардын максаты  – Балх, Жаузжан, Фарьяб провинцияларында какшып жаткан жерди сугат аянтка айлантуу жана 250 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу. 285 километр аралыктагы объект толугу менен 2028-жылы курулуп бүтүш керек. Каналдын курулушу өтө тездик менен жүрүүдө, биринчи этаптагы 108 км өткөн жылы, белгиленген мөөнөттөн 8 ай эрте пайдаланууга берилди. «Куш-Тепанын» курулушу 700 млн долларга бааланган. Алгач каржылоо Афганистандын бюджетинен пландаштырылган. Бирок жакында 600 млн долларды  Мамлекеттик…

Прочитайте больше

АКШда биринчи жолу абактагы адам азот менен өлүм жазасына тартылды

АКШда биринчи жолу абактагы адам азот менен өлүм жазасына тартылды

АКШнын Алабама штатында соттолгон адам биринчи жолу таза азот менен тумчуктуруу ыкмасы аркылуу өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Алабама штатынын башкы прокурору Стив Маршалл билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты. Анын айтымында, процедура болжол менен 30 мүнөткө созулду. Азот менен өлүм жазасына тартылган биринчи адам 58 жаштагы Кеннет Юджин Смит аттуу эркек киши болду. Юджин Смит 1988-жылы буйрутма жолу менен киши өлтүрүп соттолгон. Учурда мындай өлүм жазасы үч штатта мыйзамдуу: Оклахома, Миссисипи жана Алабама. Бирок буга…

Прочитайте больше

Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду

Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду. Тиешелүү жарлык расмий өкмөттүк Resmi Gazete гезитине жарыяланды. “Швециянын НАТОго кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоону бекитүү тууралуу президенттин жарлыгы расмий өкмөттүк гезитте жарыяланды”, – деп билдирет NTV телеканалы. Ошентип, Анкара Стокгольмдун альянска мүчөлүгүн бекитүү процессин расмий түрдө аягына чыгарды. Эми Швециянын НАТОго киришине макулдугун бере элек Венгрия калды. 23-январда Түркиянын парламенти Швецияны биримдикке кабыл алуу үчүн добуш берген. 346 депутаттын 287си макул, 55и каршы, төртөө калыс болгон….

Прочитайте больше

Белгилүү жазуучу Мирзахалим Каримов акка моюн сунду

Белгилүү жазуучу Мирзахалим Каримов акка моюн сунду

Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист  Мирзахалим Каримов 72 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ал жашаган айылдын тургундары маалымдады. Мирзахалим Каримов 1952-жылы 29-декабрда Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Бүтөө-Көл айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин айдоочулук курстан окуп, беш жылга чукул керек-жарак коомунда кесиби менен эмгектенген. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы окууну аяктаган. 1984-1988-жылдары Жерге-Тал райондук гезитинде иштеген. 1988-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайра көчүп келген….

Прочитайте больше