Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия тарыхта биринчи жолу астронавтын Эл аралык космос станциясына жөнөттү. Түркиялык биринчи астронавт Альпер Гезеравжи бар экипаж SpaceX ракетасы менен аалам мейкиндигине ийгиликтүү учту. Муну менен Түркия автронавттарды космоско ийгиликтүү жөнөткөн өлкөлөрдүн бири болуп калды. Гезеравжи эки жуманын ичинде Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий тажрыйба жүргүзөт. Ax-3 миссиясынын экипажынын курамында түрк астронавтынан тышкары, НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопез-Алегри (АКШ), италиялык аскердик учкуч Уолтер Вилладеи жана швециялык адис Маркус Вандт бар. “Бул абдан символикалык жана маанилүү…

Прочитайте больше

Казакстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Жакынкы Чыгышка жөнөтүлөт

Казакстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Жакынкы Чыгышка жөнөтүлөт

Казакстандын парламенти республиканын Куралдуу күчтөрүнүн 430 адамдан ашпаган аскер кызматкерлерин БУУнун бир нече миссияларына катышууга жөнөтүүнү жактырды. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” жазды. БУУнун чакыруусуна ылайык, 2024-жылдын мартынан тарта Казакстандын 139 аскер кызматкеринен турган биринчи өз алдынча улуттук тынчтык контингентин жайгаштыруу пландалууда. Контингент өзүнүн аскердик техникасы, курал-жарактары жана мүлкү менен “БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү бөлүүгө байкоо жүргүзүүчү күчтөрү” миссиясына резервдик рота катары жөнөтүлөт. «Ал үчүн Бириккен Улуттар Уюму менен тараптардын милдеттенмелерин, ошондой эле контингенттин миссияга катышуусун финансылык…

Прочитайте больше

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат

24-25-январда Казакстандын борборунда “Астана процессинин” алкагында Сирия боюнча сүйлөшүүлөр боло турганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдиргенин Sputnik Казакстан жазды. “”Астана форматындагы” кепил өлкөлөрдүн жамааттык кайрылуусу боюнча 2024-жылдын 24-25-январында Казакстандын борборунда Астана процессинин алкагында Сирия боюнча 21-эл аралык жолугушуу өтөт”, – деди Смадияров парламент кулуарында сүйлөгөн сөзүндө. Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги былтыр 20-21-июнда өткөн 20-жыйын Астанада өтө турган акыркы жыйын кылууну сунуштаган. Сунуштан кийин Россия, Түркия жана Иран жыйынтыктоочу билдирүүгө…

Прочитайте больше

Хуситтер Россия менен Кытай кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр

Хуситтер Россия менен Кытай кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр

Йемендеги “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңизде Россия менен Кытай кемелеринин жүрүшүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бахити «Известия» басылмасына берген маегинде билдирди. “Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңизде АКШ менен Британиянын кемелерине чабуул жасоодо. Калган башка өлкөлөргө анын ичинде Россия менен Кытайга келсек, алардын аймактагы кемелерине эч кандай коркунуч жок”, – деди ал. Аль-Бахити хуситтер орус жана кытай кемелеринин Кызыл деңизде коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр экенин кошумчалады. Саясатчы ошондой эле израилдик кемелердин же…

Прочитайте больше