Америкалык ишкер Илон Масктын «Neuralink» нейротехнологиялык компаниясы биринчи жолу адамдын мээсине имплант орнотту. «Биринчи адам «Neuralink» имплантын кечээ алды, калыбына келүү [операциядан кийин] жакшы жүрүп жатат», — деп жазган Маск X (мурдагы Twitter) баракчасына. Белгиленгендей, биринчи маалыматтарга караганда, аппараттын иштеши келечекте жакшы жыйынтыктарды берерин көрсөтүүдө. Масктын айтымында, «Neuralink» компаниясынын биринчи продуктусу «Telepathy» деп аталат. Ал адамга телефонду жана компьютерди ойдун күчү менен башкарууга мүмкүндүк берет. Имплант биринчи иретте колу-буту шал болуп калгандарга колдонулат. «Элестетсеңиз, Стивен…
Прочитайте большеDay: January 30, 2024
АКШ экономикасы мамлекеттик карыздын рекорддук суммасынан улам кыйроо алдында турат
Американын экономикасы мамлекеттик карыздын рекорддук суммага жетип калгандыгынан улам кыйроонун чегине жеткендигин JPMorganдын жетекчиси Джейми Даймон жарыя кылгандыгын Fox Business билдирди. АКШдагы ири банктын жетекчиси мамлекеттик карызды ал кризиске кабыла электе жөнгө салыш керек. Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын АКШ ИДПсына карата өлчөмү 100%дан ашып кетип, божомолдор боюнча 2035-жылы 130%га жетип калышы мүмкүн. Андыктан убакыт өткөн сайын мамлекеттин карызы жалаң гана өсүү үстүндө болорун белгиледи өлкөнүн башкы банкири. «Бул экономикадагы кыйроо, мындай абалды алдыдагы 10…
Прочитайте большеС. Жапаров экинчи мөөнөттөгү президенттик шайлоого катышат
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Мындай маалыматты президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. «Ооба, Президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот», — деди Аскат Алагөзов. Белгилей кетүүчү жагдай, 29-январда вице-премьер-министр Эдил Байсалов маалымат каражаттарынын биринде сүйлөп жатып: “Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто…
Прочитайте большеРФнын БШКсы Путинди президенттик шайлоого талапкер кылып каттады
Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова чечим бир добуштан кабыл алынгандыгын маалымдады. РФнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурдагы мамлекет башчы Владимир Путинди Россиянын президенттигине өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары каттады. «Чечим бир добуштан кабыл алынды», — деп жарыялады комиссиянын тыянагын Элла Памфилова. РФнын БШКсынын катчысы Наталья Бударина өз кезегинде билдиргендей, Путинди колдоп тапшырылган 315 миң колдун 60 миңи эреже боюнча тандалып алынган. «Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 60 миң колдун 91и жараксыз деп табылды. Бул шайлоочулар тууралуу…
Прочитайте большеИран биринчи жолу бир учурда космоско үч спутник учурду. Видео
Иран өлкөсү Ислам революциясынын жеңишинин 45-жылдыгынын алдында «Simorgh» ракетасынын жардамы менен ата мекендик өндүрүштөгү үч спутникти бир убакта космоско ийгиликтүү учурганын билдирди. Ирандын расмий ЖМКлары «Mahda», «Kayhan-2» жана «Hatef-1» спутниктери 450 километр бийиктиктеги орбитага чыгарылганын маалымдашты. Ирандын космостук изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан жана сыналган «Мahda» изилдөөчү жабдык, анын салмагы 32 кг. «Kayhan-2» жана «Hatef-1» спутниктери болсо наноспутник деп аталды. Алар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан башкарылган Иран Электроника өнөр жай компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Бул…
Прочитайте больше