Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ирак менен Сириядагы «ИМ» (Кыргызстанда жана көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган эл аралык террордук уюм) Иран, Орусия жана Түркиянын биргелешкен аракеттери менен күчүн жоготкон, бирок алар кийинчерээк Ооганстанда айрыкча азыр өлкөнүн башында турган, көптөгөн өлкөлөрдө террордук деп таанылган “Талибан” кыймылы турганда баш көтөрүп, күч ала баштады. Бирок айрым эксперттер бул  террордук уюм олуттуу коркунуч туудурбайт деп эсептешет, анткени талибдер аларга каршы турарын убада беришкен. Ооганстандагы террордук топтор Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жаратабы жана окуялардын өнүгүшүндө…

Прочитайте больше

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Түркия менен Иран Газа тилкесиндеги кризисти тынчтык жолу менен тез арада чечүүнү колдошот. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелерди, биринчи кезекте Газадагы кырдаалды кеңири талкууладык. Биз аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган кадамдардан качуунун маанилүүлүгүн макулдаштык. Израилдин адамгерчиликсиз чабуулдарын токтотуу  жана Газа боюнча адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын талкууладык», – деди Эрдоган….

Прочитайте больше

Кыргызстандын Экономика министри Ооганстанга барып, “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту

Кыргызстандын Экономика министри Ооганстанга барып, “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту

24-январда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ооганстандын борбору Кабул шаарында Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Эске салсак,…

Прочитайте больше

Орусияда тик учак кыйрап, 74 киши набыт болду

Орусияда тик учак кыйрап, 74 киши набыт болду

24-январда Белгород облусунда Ил-76 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бортто туткунга алынган 65 украин аскер кызматкери болгон. Аларды алмашуу үчүн Белгород облусуна коштоп бараткан үч киши жана алты экипаж мүчөсү да набыт болду. Окуя тууралуу биринчилерден болуп 112 Телеграм каналы билдирди. Белгород Телеграм каналдары окуя учурунда тартылган видеолорду жарыялашты. Тик учак катуу ылдамдыкта кулап, жарылып кеткен. «Украинская правда» жана «РБК-Украина» өз булактарына таянып, Ил-76 учагын Украинанын куралдуу күчтөрү…

Прочитайте больше