Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын биргелешкен ири машыгуусу болот

Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын биргелешкен ири машыгуусу болот

2024-жылы Казакстанда куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын күчөтүү максатында Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын катышуусунда ири масштабдагы аскердик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министрлиги билдирди. «Быйылкы жылы биздин өлкөнүн аймагында беш мамлекеттин катышуусунда ири масштабдуу аскердик машыгуулар болуп, ал жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүүгө тийиш», – деп билдирди өлкөнүн коргоо министрлиги. Казакстандын коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын  начальниги Марат Хусаинов бул машыгууларды өтө маанилүү деп атады. «2024-жылы 160тан ашык ыкчам жана…

Прочитайте больше

Исландияда вулкандын атылуусунан чыккан от Гриндавик шаарына агып кетти

Исландияда вулкандын атылуусунан чыккан от Гриндавик шаарына агып кетти

Исландиянын түштүк-батыш бөлүгүндөгү  Рейкьянес жарым аралындагы Гриндавик шаарына жакын аймакта вулкан атыла баштады. Исландиялык RUV телекомпаниясынын маалыматы боюнча, жекшемби күнү  Гриндавиктин жанында жердин эки жаракасы пайда болгон – алардын бири шаардан болгону 50-100 метр аралыкта жерден атылып чыгып, оттун агымы чыга баштаган. Оттуу агым  Гриндавикти каптай баштагандан кийин бери дегенде эки турак үй күйүп кеткендигин журналисттер тартып алган видодон көрүүгө болот. Бул Гриндавиктеги акыркы айдагы экинчи вулкандын атылуусу. Мындан мурдагы атылуу 18-декабрда башталган. Анда от…

Прочитайте больше

Абдоллахиан: Иран Жакынкы Чыгыштагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнө буйрук берген жок

Абдоллахиан: Иран Жакынкы Чыгыштагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнө буйрук берген жок

Жакынкы Чыгыш аймагындагы, анын ичинде Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрү өз алдынча жана өз кызыкчылыктарынын чегинде аракеттенүүдө, Тегеран аларга буйрук берген жок, деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан. «Аймактагы, анын ичинде Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрү өз алдынча жана өз кызыкчылыктарынын чегинде аракеттенүүдө жана Иран Ислам Республикасы аларга буйрук берген жок”, – деген Иран министринин сөзү ведомствонун расмий сайтында келтирилет. Буга чейин бир катар америкалык аткаминерлер Иран йемендик хуситтерге Кызыл деңиздеги кемелерге кол салууда колдоо көрсөтүп…

Прочитайте больше

Дүйнө жаңы пандемияга даярданууда. “X оорусу” коронавирустан 20 эсе коркунучтуу болушу мүмкүн

Дүйнө жаңы пандемияга даярданууда. “X оорусу” коронавирустан 20 эсе коркунучтуу болушу мүмкүн

Адамзатты “X оорусу” күтүп жатабы? Бүткүл дүйнө жаңы пандемияга даярданышы керектигин Дүйнөлүк Экономикалык Форумунан (WEF) билдиришкенин Lenta.ru агенттиги жазды. 2024-жылдын 15-январынан 19-январына чейин Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Дүйнөлүк Экономикалык Форумда (WEF) коронавирус пандемиясынан 20 эсе көп өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон табышмактуу “X оорусун” талкуулоо пландалууда. «Х оорусуна даярдык» аттуу жолугушууда саламаттыкты сактоону алдыда турган көптөгөн чакырыктарга даярдоо үчүн зарыл болгон чаралар каралат. ТЕМА БОЮНЧА:Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырдыАлымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты. Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти…

Прочитайте больше