Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам  каза болду. Окуянын чоо-жайы 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз…

Прочитайте больше

100гө жакын адамдын өмүрүн алган теракт: Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды

100гө жакын адамдын өмүрүн алган теракт: Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде Ирандын Керман шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтуу китеби ачылганын дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда көрүстөнгө жакын жерде кош жарылуу болгон. Расмий маалымат боюнча, кол салуудан 95 адам каза таап, жалпысынан 284 адам жаракат алган. Терактка жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп белгилеген….

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан келечекте Түркия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп, анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирмекчи. Бул тууралуу 9-январда  Жогорку Кеңетин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу учурунда айтылгандыгын кыргыз парламентинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду. Анын…

Прочитайте больше

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали 8-январда Иранда расмий сапары менен болду. Аны өкмөттүк комитеттердин төрагалары жана башка расмий адамдар коштоп барышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлаган. Сапардын алкагында Рустам Эмомали Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мухаммад Бакир Галибаф менен жолугушууларды өткөрдү. Өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүү көбөйтүлөт Республиканын парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Рустам Эмомали менен Галибафтын  жолугушуусунда Тажикстан менен Ирандын ортосундагы мамилелердин жана кызматташтыктын маанилүү жана приоритеттүү маселелердин кеңири чөйрөсү…

Прочитайте больше