Кыргызстан Россиядан жаңы МИ-8МТВ тик учагын алат

2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Аскердик тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан 2023-жылы дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз”, – деди өлкө башчы.

Жапаров ошондой эле ӨКМге жаңы сатып алынган тик учак боюнча комментарий берди.

“Тик учак өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай кырдаалдардарда керек боло турган болсо, ошондой учурларга дагы колдонулат деп турабыз. Маселен, тез жардам үчүн керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз. Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып, учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт”, – дейт президент.

Президенттин айтымында, мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек деген ой-жүгүртүүдөн алыс болуш керек.

“Бирөө-жарымды куткарыш керек болсо, куткаруу иштерине да колдонобуз. Ага да мисал, өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо мурдагы алган тик учагыбызды колдонуп, тоо арасында адашып кеткен аскерлерибизди издеп жүрүп, куткарып алдык. Тик учак болбогондо, алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет. Эки күн дегенде араң таптык. Тик учактын пайдасынан башка зыяны жок”, – деди Жапаров.

Комментарий жиберүү