Россияга каршы санкциялар европалыктардын өздөрүнө зыян алып келет

 Европада Россияга каршы санкциялардын фонунда нааразылык күчөйт.

Мындай пикирин Австриянын мурдагы вице-канцлери, Эркин партиясынын (FPÖ) оңчулдарынын мурдагы лидери Хайнц-Кристиан Штрахе РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

“Көчөлөрдө демонстрациялар, нааразылык акциялары дагы күчөйт. Эл жумушсуз, суукта тоңуп, жакырчылыкта жашагысы келбейт. Алар тынчтык демилгелеринин ордуна курал-жарак жеткирилип жатканын көрүүдө. Мунун баары европалыктар үчүн барган сайын айкын болуп бараткан карама-каршылык”, – деди Штрахе.

Ошондой эле, ал Евробиримдиктин Россияга каршы санкциялары “европалыктардын өздөрүнө зыян келтирерин” жана ЕБ мамлекеттеринин жарандарынын басымдуу бөлүгү аны четке какканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Россия Украинада атайын аскердик операция баштагандан кийин, ЕБ Москвага каршы санкциялардын пакетин жарыялап баштаган. Жакында эле Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакети даяр экенин билдирген. Бирок, биримдиктин тышкы иштер министрлери 12-декабрда Брюсселде өткөн жыйынына Москвага каршы санкциялардын тогузунчу пакети боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

Эске салсак, Батыштын Россияга каршы санкцияларынын кесепетинен Европада электр энергиясына болгон баа кескин өсүп кеткен.

Күздөн бери Европанын ондогон шаарларында, анын ичинде Италия, Франция, Британия, Германия, Чехия, Молдавия, Румыния жана Австрияда нааразылык акциялары өттү. Европалыктар бийликтегилерди өз жарандарынын камын көргөндүн ордуна, Москваны жазалоо аракетин көрүп жатат деп айыптап, энергияга болгон баанын кескин өсүшүн токтотууну талап кылып чыгышкан.

Энергиянын тартыштыгынан ЕБ өлкөлөрүндө бир катар чектөөлөр киргизилип, ал тургай  айрым өлкөлөрдүн бийлиги жаратылыш газын үнөмдөө үчүн жарандарын душта беш мүнөттөн ашык жуунбоого чакырык таштаган.

Комментарий жиберүү