Кыргызстан биринчи жолу бюджеттик каражатка Орусия жана Түркиядан “Байрактар” жана “Орлан 10Е” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. “Биз башка техникаларды алуу үчүн да мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыр Түркияда биз үчүн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараты жасалып жатат. “Байрактар” дүйнөнүн беш мамлекетинде гана бар, алардын бири Кыргызстан болот. Жакында…
Прочитайте большеКыргызстан
Кыргызгидромет: Эртең айрым аймактарда кар жаайт
Кыргызстанда 21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. 22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Эртең, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусттарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланып, бактарга муз тоңот. Ошондой эле, Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарынын да көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Ал эми өлкө боюнча тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызгидромет туруксуз аба…
Прочитайте большеWPS индекси: Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө
Кыргызстан Аялдардын тынчтык жана коопсуздугу боюнча дүйнөлүк WPS индексинде 97-орунду ээледи. Индекс дүйнөнүн 170 өлкөсүндөгү аялдардын статусу боюнча маалыматтарга негизделип чыгарылган. WPS индекси Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Джорджтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук институту жана PRIO гендердик, тынчтык жана коопсуздук борбору тарабынан чыгарылганын “Кaktus.media” агенттиги жазды. Аталган индекстин лидерлери Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург өлкөлөрү. Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң төмөнкү орунду ээлеген. Ал эми аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкөлөр…
Прочитайте большеА.Абдуразаков Кыргызстан «Талибанды» кандай шартта тааный турганын билдирди
Москвада Ооганстан боюнча “Москва форматында” сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Ага региондогу 10 мамлекеттин делегациясы, анын ичинде “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү катышууда. Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Абдуразаков катышууда. Бул тууралуу Sputnik Ооганстан агенттигинин Телеграмм каналына жарыяланган билдирүүдө айтылат. Абдуразаков Кыргызстан талиптердин бийлигин таануу маселесинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын алкагында иш алып барарын билдирди. “Биз Ооганстандын жаңы бийлигинин изоляциясын конструктивдүү эмес деп эсептейбиз. Борбордук Азия – биздин жалпы үйүбүз, биз баарыбыз анда…
Прочитайте большеЖактоочу: Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынган
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесининин директору Орхан Инандынын колу Бишкектен эле сынган. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова Анкарадагы кесиптешине таянуу менен Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Орхан Инанды жактоочусуна кантип уурдалып, Түркияга алып келингенин айтып берген. “Аны үчөө уурдап кеткен, алардын экөө кыргыз. Анын колун унаадан эле сындырышкан”, – деп жазды Токтакунова. Мындан тышкары, ал Инандынын Түркияда кыйноого алынышынын чоо-жайын кийинчерээк жазарын билдирди. Эске салсак, ушул жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз…
Прочитайте большеПандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузулду (фото)
Пандемия мезгилинде коронавирус менен 6 миңден ашуун медицина кызматкери ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Бүгүн, 19-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемияда каза болгон дарыгерлерге арналган эстеликтин ачылышы болду. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын…
Прочитайте большеТаластагы үрөй учурган жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды (фото)
Кечээ, 15 октябрда Таластын Кара-Ой айылында “Хонда-Степвагон” менен “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, андан улам 8 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя 15 октябрь күнү саат 22:54 чамасында Талас району, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) болгон. “Кырсыктын кесепетинен 8 киши (7 эркек, 1 аял) каза болду”, – деп айтылат маалыматта. Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда. Жерине Талас райондук №101 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып каза…
Прочитайте большеCOVID-19: 94 учур катталып, дагы 3 адам каза болду
Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 94 учур аныкталып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб маалымдады. Илдетти жуктургандардын 44ү Бишкек шаарынан, 3 адам Ош шаарынан, 31и Чүй облусунан, 10у Ысык-Көл облусунан, 5 адам Жалал-Абад облусунан жана Талас облусунан 1 учур катталган. Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 3 бейтап каза тапты. Маалыматка караганда, үчөө тең эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Ал эми 77 бейтап COVID-19дан айыгып ооруканалардан чыгышты. Учурда стационарларда 503 бейтап, амбулатордук түрдө 559…
Прочитайте большеАкылбек Жапаров: Ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жетти
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, жакынкы келечекке карай ишинин негизги багыттарын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Президенттин Администрациясына негизги милдет – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо коюлганын, мында чоң жоопкерчилик тармактык министрликтерге жүктөлгөнүн баса белгиледи. Жапаров мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн жана буга чейин Президенттин жана Өкмөттүн Администрациясында иш кандай жүргүзүлгөндүгүн билерин айтып, “Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин…
Прочитайте большеРафаэль Физиев: «Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом»
Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтоторун жар салды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда билдирди. Мушкер анын мындай кадамга барышына Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун айтты. “Бүгүнкү күндө мен жана менин үй-бүлөм муфтият тараптан жана Кыргызстандагы кээ бир белгилүү адамдардын тукуруусуна туш болдук. Мен эч качан динди үгүттөгөн эмесмин. Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Светтик мамлекетте ар ким мыйзамдын чегинде каалаганын…
Прочитайте большеКыргызстандык спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарга көтөрүлдү
Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул туурасында аталган уюмдун сайтында айтылат. Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) күмүш, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырган. Мелдештен кийин кыргыз балбандарынын рейтинги тизменин алдыңкы саптарына чыкты. Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта United World Wrestling уюмунун тизмесинин биринчи орунун сактап калды. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта тизменин…
Прочитайте большеЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечти
Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечти. Бул тууралуу маалыматты Экономика жана финансы министрлиги кабарлады. Аталган министрлик сентябрь айынан баштап өлкөнүн ЭВФтин алдындагы карызын кыскартуу аракетин көрө баштаган. Маалыматка караганда, аталган фонддун Аткаруу кеңеши кирешеси төмөн өлкөлөргө оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, фонд Кыргызстандын 2021-жылдын 8-октябрынан баштап 2022-жылдын 10-январына чейин төлөнүшү керек болгон 12,6 миллион доллар карызын кечти. Карыздан үнөмдөлчү…
Прочитайте большеБишкекте эки күндүк жарманкеде айыл чарба азыктары дүң баада сатылат
Борбор калаада 16-17-октябрь күндөрү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жарманке өткөрөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыл чарба азыктарынын баалары дүң баада сатылат. Жарманке өтүүчү даректер: – Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, А.Токомбаев – Н. Джетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштери; – Биринчи май райондук администрациясы, И. Раззаков-Киев, Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилиштери.
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, өлкөдө расмий сапар менен келген Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды. Кызыгуу жараткан бардык багыттар, кыргыз-индия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-коргонуу, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактары боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы салттуу достук жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген өлкөлөр ортосундагы терең саясий өз ара түшүнүшүүнү канааттануу менен белгиледи. Президент акыркы жылдары эки тараптуу сооданын өсүшү байкалганын белгилеп, Индия Кыргызстанга…
Прочитайте большеКыргызстан бешинчи орунда. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги жарыяланды
Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан алдынкы беш өлкөнүн катарына кирди. Кечээ, 10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча жарыяланган рейтингде, медалдар жарышы боюнча Кыргызстан алдыңкы ири державалардын катарынан 5-орунду ээледи. Иран – 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;АКШ – 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;Япония – 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;Орусия – 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;Кыргызстан – 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло;…
Прочитайте больше