А.Абдуразаков Кыргызстан «Талибанды» кандай шартта тааный турганын билдирди

Москвада Ооганстан боюнча “Москва форматында” сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Ага региондогу 10 мамлекеттин делегациясы, анын ичинде “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү катышууда.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Абдуразаков катышууда.

Бул тууралуу Sputnik Ооганстан агенттигинин Телеграмм каналына жарыяланган билдирүүдө айтылат.  

Абдуразаков Кыргызстан талиптердин бийлигин таануу маселесинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын алкагында иш алып барарын билдирди.

“Биз Ооганстандын жаңы бийлигинин изоляциясын конструктивдүү эмес деп эсептейбиз. Борбордук Азия – биздин жалпы үйүбүз, биз баарыбыз анда тынчтыкта жашоону каалайбыз”, – деп билдирди ал.Теги: 

Комментарий жиберүү