Акылбек Жапаров: Ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров  Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп,  жакынкы келечекке карай ишинин негизги багыттарын белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Президенттин Администрациясына негизги милдет – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо коюлганын, мында чоң жоопкерчилик тармактык министрликтерге жүктөлгөнүн баса белгиледи.

Жапаров мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн жана буга чейин Президенттин жана Өкмөттүн Администрациясында иш кандай жүргүзүлгөндүгүн билерин айтып, “Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ Президенттин Администрациясында “кептелип” калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй сапаттарга ээ болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш”, – деди.

Ошондой эле, ал алдыда чоң өзгөрүүлөр турганын, масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарылдыгын, аларды ишке ашырууда бийликтин бардык деңгээлинде, республикадагы айыл өкмөттөн жогорку жетекчиликке чейин мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылууну талап кылынарына токтолду.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыдагы бир катар амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана жоопкерчиликтүү милдеттерди эффективдүү чече турган жогорку денгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү жана ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жеткендигин белгиледи.

Комментарий жиберүү