Рафаэль Физиев: «Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом»

Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтоторун жар салды.

Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда билдирди.

Мушкер анын мындай кадамга барышына Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун айтты.

“Бүгүнкү күндө мен жана менин үй-бүлөм муфтият тараптан жана Кыргызстандагы кээ бир белгилүү адамдардын тукуруусуна туш болдук. Мен эч качан динди үгүттөгөн эмесмин. Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Светтик мамлекетте ар ким мыйзамдын чегинде каалаганын кылууга укуктуу. Бүттү. Мен кетем. Мени мындан ары Кыргызстан менен паспорттон башка эч нерсе байланыштырбайт. Биз жакында үй-бүлөм менен көчүп кетүүнү ойлонуп жатабыз. Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом”, – деди Физиев.

Эске салсак, ушул жылдын 8-августунда Рафаэль Физиев Хьюстондогу UFC 265 турниринин алкагында америкалык Бобби Гринди утуп алган. Кармаш үч раундга созулуп, Физиев калыстардын чечими менен жеңишке жеткен.

Комментарий жиберүү