Кыргызгидромет: Эртең айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызстанда 21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.

22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Эртең, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусттарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланып, бактарга муз тоңот.

Ошондой эле,  Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарынын да көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Ал эми өлкө боюнча тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Кыргызгидромет туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертти.

Комментарий жиберүү