WPS индекси: Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө

Кыргызстан Аялдардын тынчтык жана коопсуздугу боюнча дүйнөлүк WPS индексинде 97-орунду ээледи.

Индекс дүйнөнүн 170 өлкөсүндөгү аялдардын статусу боюнча маалыматтарга негизделип чыгарылган.

WPS индекси Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Джорджтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук институту жана PRIO гендердик, тынчтык жана коопсуздук борбору тарабынан чыгарылганын “Кaktus.media” агенттиги жазды.

Аталган индекстин лидерлери Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург өлкөлөрү.  

Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң төмөнкү орунду ээлеген. Ал эми аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкөлөр – Афганистан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак деп табылган.

Комментарий жиберүү