Жактоочу: Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынган

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесининин директору Орхан Инандынын колу Бишкектен эле сынган.

Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова Анкарадагы кесиптешине таянуу менен Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Орхан Инанды жактоочусуна кантип уурдалып, Түркияга алып келингенин айтып берген.

“Аны үчөө уурдап кеткен, алардын экөө кыргыз. Анын колун унаадан эле сындырышкан”, – деп жазды Токтакунова.

Мындан тышкары, ал Инандынын Түркияда кыйноого алынышынын чоо-жайын кийинчерээк жазарын билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз элине кайрылып жатып, Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин башчысы, кыргыз жараны Орхан Инанды Түркияга алынып келингенин билдирген.

Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында жоголгон. Анын жубайы Рейхан Инанды төрт жолу президент Садыр Жапаровго күйөөсүн табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

6-июлда президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарып берүү жөнүндө маселе Түркия тарапка коюлганын билдирген. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырып, Инандыны мекенине кайтарууга чакырган.

Бишкек ШИИББи “Сапат” мекемесинин директорунун кош жарандыгы бар экенин билдирген.

Орхан Инанды Анкара сотунун чечими менен камакка алынган.

Комментарий жиберүү