Таластагы үрөй учурган жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды (фото)

Кечээ, 15 октябрда Таластын Кара-Ой айылында “Хонда-Степвагон” менен “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, андан улам 8 киши каза болду.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматка караганда, окуя 15 октябрь күнү саат 22:54 чамасында Талас району, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) болгон.

“Кырсыктын кесепетинен 8 киши (7 эркек, 1 аял) каза болду”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.

Жерине Талас райондук №101 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып каза болгон жарандарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Комментарий жиберүү