Кыргызстан бешинчи орунда. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги жарыяланды

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан алдынкы беш өлкөнүн катарына кирди.

Кечээ, 10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча жарыяланган рейтингде, медалдар жарышы боюнча Кыргызстан алдыңкы ири державалардын катарынан 5-орунду ээледи.

Иран – 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;
АКШ – 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;
Япония – 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;
Орусия – 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;
Кыргызстан – 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло;

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунда турат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай өлкөлөрү чемпионатка катышкан эмес.

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль алып келишти.

Комментарий жиберүү