Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузулду (фото)

Пандемия мезгилинде коронавирус менен 6 миңден ашуун медицина кызматкери ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар.

Бүгүн, 19-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемияда каза болгон дарыгерлерге арналган эстеликтин ачылышы болду.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары, курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери эстеликке гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Дарыгерлерге эстелик орнотуу тууралуу ой медициналык коомчулуктун арасында пайда болуп, ал ыктыярдуу чогултуудан түшкөн каражатка тургузулган.

Комментарий жиберүү