COVID-19: 94 учур катталып, дагы 3 адам каза болду

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 94 учур аныкталып, 3 бейтап көз жумду.

Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб маалымдады.

Илдетти жуктургандардын 44ү Бишкек шаарынан, 3 адам Ош шаарынан, 31и Чүй облусунан, 10у Ысык-Көл облусунан, 5 адам Жалал-Абад облусунан жана Талас облусунан 1 учур катталган.

Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 3 бейтап каза тапты. Маалыматка караганда, үчөө тең эмдөөдөн өтүшкөн эмес.

Ал эми 77 бейтап COVID-19дан айыгып ооруканалардан чыгышты. Учурда стационарларда 503 бейтап, амбулатордук түрдө 559 бейтап дарыланууда.

Өлкө боюнча илдет менен ооругандардын жалпы саны 179 775 адамга жетти. Анын ичинен 174 578 адам айыгышса, 2632 адам оорудан көз жумду.

Комментарий жиберүү