УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду. Бул боюнча жарлыкка КР Президенти Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.“Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири”, – деп жазылат маалыматта.Маалыматка ылайык, жарлыктын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Улуттук…

Прочитайте больше

Коронавирустан көз жумгандардын саны 2000ге жакындап калды

Коронавирустан көз жумгандардын саны 2000ге жакындап калды

Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы 875 адамдан коронавирус табылды жана дагы 6 адам каза тапты. Бул тууралуу COVID-19 борюнча Республикалык штаб билдирди. Пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 1964гө жетти. Илдетти жуктургандардын эң көбү Бишкекте: •  Бишкек шаарында – 395;•  Ош шаарында – 55;•  Чүй облусунда – 128;•  Ош облусунда – 109;•  Талас облусунда – 12;•  Нарын облусунда – 10;•  Ысык-Көл облусунда – 27;•  Жалал-Абад облусунда – 90;•  Баткен облусунда – 49 кишиден…

Прочитайте больше

Түркия өзүнүн вакцинасын Кыргызстанда сынап көрөт

Түркия өзүнүн вакцинасын Кыргызстанда сынап көрөт

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавируска каршы ата мекендик вакцинанын сыноодон өткөрүүнүн үчүнчү этабы башталганын жарыялады. Эрдогандын айтымында, коронавируска каршы түрк вакцина “Turcovac” деп аталат. “Коронавируска каршы ата мекендик вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасы менен Түркия бул жаатта жаңы баракты ачат», –  деди Эрдоган Түрк вакцинасынын презентациясында. Режеп Тайип Эрдоган ошондой эле Түркияда коронавируска каршы эмдөө процесси бир нече жуманын ичинде 18 жаштан жогорку калкты толугу менен камтый тургандыгын белгиледи.Пресс-конференция учурунда Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустук инфекцияга каршы Turcovac түрк…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундасына 508 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 куб метрге жетүүдө.Эки ай мурда суунун көлөмү 8,6 миллиард куб метрди көрсөтүп жаткан. Маалым болгондой, бул эң төмөнкү көрсөткүч.Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстанга эки тик учак жана өрт өчүрүүчү техникаларды берет

Россия Кыргызстанга эки тик учак жана өрт өчүрүүчү техникаларды берет

Россия Кыргызтанга 20 млн долларлык өрт өчүрүүчү техникаларды гранттык негизде берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, ӨКМдин техникалык потенциалын көтөрүү боюнча Россия менен келишим түзүлгөн. “Август айынан баштап 100дөн ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде бериле баштайт. Ошондой эле Кытай менен дагы келишимибиз бар. 2021-жылдын аягына чейин бизге 6 мобилдик госпиталь, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника грант түрүндө келмек. Пандемияга…

Прочитайте больше

Окумуштуулар коронавирустан жоготуулар боюнча Кыргызстанда эң начар абалды божомолдошту

Окумуштуулар коронавирустан жоготуулар боюнча Кыргызстанда эң начар абалды божомолдошту

1-июндан 31-августка чейин айрым мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда, COVID-19дан өлүм көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу «The Lancet» медициналык илимий журналынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланды.Окумуштуулардын тобу дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин 100 миң адамга COVID-19 өлүмүнүн көрсөткүчүн моделдешти. Ага ылайык, Кыргызстанда өлүмдүн эң начар божомолу күтүлүүдө. 100 миң адамга 256дан 512ге чейин өлүм божомолдонгон.Окумуштуулар баалоо моделинде ар бир өлкөнүн COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалганы боюнча маалыматтарды, вирустун ар кандай түрлөрүнө каршы дары-дармектердин эффективдүүлүгүнүн мета-анализинен…

Прочитайте больше

Бабанов тергөө абагында калтырылды

Бабанов тергөө абагында калтырылды

Өмүрбек Бабанов “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармалган. Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Бабановду 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камоо түрүндө баш коргоо чарасын тандаган. Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча…

Прочитайте больше

Бишкекте жаңы автобустар ишке чыкты. Бир апта бою бекер ташыйт

Бишкекте жаңы автобустар ишке чыкты. Бир апта бою бекер ташыйт

Бүгүн, 22-июндан баштап Бишкек шаарында жаңы автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Мэриянын маалымат кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы 50 автобус ишке чыкты жана алар беш маршрут боюнча бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт. Дизель менен жүргөн Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет. Эки эшиктүү, 16  орундуктуу автобустар төмөнкү маршруттар боюнча каттайт: №10 жана №11 муршруттар – Ак-Ордо (айлампа);№12 маршрут, Маевка айылы – Көк-Жар айылы (айлампа);№13 маршрут, Муромская көчөсү…

Прочитайте больше

8 бейтап көз жумду: Кыргызстанда бир суткада миңге жакын адамдан коронавирус табылды

8 бейтап көз жумду: Кыргызстанда бир суткада миңге жакын адамдан коронавирус табылды

22-июнга карата өлкө боюнча коронавирус дагы 931 адамдан аныкталганын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бир сутка ичинде Бишкек шаарында – 435, Ош шаарында – 147, Чүй облусунда – 129, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 41 адамдан вирус табылган.Ошол эле учурда сутка ичинде оорудан 522 адам айыгып чыкты.   Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек…

Прочитайте больше

В. Путиндин өкүлү Д. Козак Бишкекке келди

В. Путиндин өкүлү Д. Козак Бишкекке келди

Президент Садыр Жапаров Россия Президентинин Администрация Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын…

Прочитайте больше

Узак тынуугуудан соң Бишкек-Мешхед аба каттамы кайра жанданды

Узак тынуугуудан соң Бишкек-Мешхед аба каттамы кайра жанданды

Эми кыргызстандыктар үчүн Иранга учуу жеңилдеди, деп билдирди Манас аэропортунун ААКтын пресс-кызматы. Белгилей кетсек, мурдараак Кыргызстандан Иранга учууну каалаган жүргүнчүлөр Стамбул аркылуу каттам жасашкан. Бул бир топ чыгымдуу жана узагыраак убакытты талап кылаар эле.Ал эми, Бишкек – Мешхед каттамынын узактыгы 2,5 саат. Учурда Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясы учууну айына бир жолу жүргүзүүнү пландап жатат.Эске салсак, буга чейин пандемияга байланыштуу Мешхед – Бишкек – Мешхед каттамы узак тыныгууга кеткен эле.

Прочитайте больше

Муфтийликке талапкерлердин тизмеси

Муфтийликке талапкерлердин тизмеси

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысына тогуз талапкер ат салышат. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин каттоо жана аттестациялоо комиссиясы билдирет. Маалыматка ылайык, 24-июнда муфтийликке талапкерлер сынактан өткөрүлсө, 26-июнда шайлоо өтөт. Муфтийликке талапкерлер: 1. Нурбек Токтогулов;2. Султанали Гапуров;3. Шүкүр Исмаилов;4. Нематилла Жээнбеков;5. Ниязали Арипов;6. Убайдулла Сарыбаев;7. Шакир Маматов;8. Сайдамир Жейналиев;9. Замир Ракиев. Белгилей кетсек, учурда Жоробай ажы Шергазыев муфтийдин милдетин убактылуу аткарып жатат. Буга чейин муфтияттын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылдырылып, 29-майга белгиленген болчу. Бирок…

Прочитайте больше

COVID-19: Жыл башынан берки антирекорд катталды

COVID-19: Жыл башынан берки антирекорд катталды

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус жуктурган 784 учур катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру катталгандан бери илдетти жуктургандардын саны 112 777ге жетип, илдеттен 1916 адам каза тапты.Соңку бир суткада катталган 787 учур жыл башынан берки антирекорд болду.  Учурда стационарда 2 169 адам жатат. Алардын ичинен 94 бейтаптын абалы өтө оор, 602 кишинин абалы оор деп айтылды.Эскерте кетсек, мындан эки күн мурун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө…

Прочитайте больше

Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча юристтин кайрылуусун каттады

Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча юристтин кайрылуусун каттады

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кайрылуусун каттаганын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Бүгүн, 14-июнда, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуратурасынан биздин маалымдоо/кайрулууну (communication) каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алдым”, – деп жазды ал. Эске салсак,  Токтогазиева Тажикстан чектеш айылдардагы Кыргызстандын жарандарына каршы аскердик агрессия жасады деп эсептейт. Ал 6-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны тергөө үчүн Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдогон. “Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл…

Прочитайте больше

Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы бирдиктүү тарифти сунуштады

Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы бирдиктүү тарифти сунуштады

Кыргызстандын Энергетика министрлиги бардык калк үчүн электр энергиясын 32 тыйынга көбөйтөт. Сунушталган жаңы тариф боюнча электр энергиянын баасы 77 тыйындын ордуна 1сом. 9 тыйын болмокчу. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-июнда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыкты жана жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат. «Калк үчүн бирдиктүү тариф болот, эч кандай бөлүнүшсүз. Учурда 1 сом 9 тыйындык тариф сунушталууда, башкача айтканда, тарифти…

Прочитайте больше
1 17 18 19 20 21 23