Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы бирдиктүү тарифти сунуштады

Кыргызстандын Энергетика министрлиги бардык калк үчүн электр энергиясын 32 тыйынга көбөйтөт.

Сунушталган жаңы тариф боюнча электр энергиянын баасы 77 тыйындын ордуна 1сом. 9 тыйын болмокчу.

Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-июнда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыкты жана жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат.

«Калк үчүн бирдиктүү тариф болот, эч кандай бөлүнүшсүз. Учурда 1 сом 9 тыйындык тариф сунушталууда, башкача айтканда, тарифти 32 тыйынга көтөрүү сунушталууда.

Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн кышында да, жайында да электр энергиясын колдонууга чектөөлөр болбойт. Ал эми жалпы калк үчүн кыш мезгилинде суунун деңгээли төмөн болгондуктан 1000 киловатт саат чектөөнү калтыруу сунушталууда.

Башка, коммерциялык максатта колдонуу үчүн тарифти 5 сом 4 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштайбыз », – деди Доскул Бекмурзаев.

Эске салсак, бийлик 2021-жылдын апрелинде калкка электр энергиясынын тарифин эки эсеге – 1 сом 48 тыйынга чейин, ал эми аз камсыз болгон жарандарга 74 тыйындан тариф түзүүнү сунуш кылган.

Бул сунуш коомдук сын-пикирлердин толкунун жараткан.

Комментарий жиберүү