УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду.

Бул боюнча жарлыкка КР Президенти Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири”, – деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, жарлыктын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүү тапшырмасы берилди.
Буга чейин мамлекет башчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген.
Жоюлган кызмат 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда түзүлгөн. Өткөн 2020-жылдын октябрь айында экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны жоюп салган. Бирок, андан көп өтпөй өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Жээнбековдун жарлыгын жокко чыгарган эле.

Комментарий жиберүү