Түркия өзүнүн вакцинасын Кыргызстанда сынап көрөт

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавируска каршы ата мекендик вакцинанын сыноодон өткөрүүнүн үчүнчү этабы башталганын жарыялады.

Эрдогандын айтымында, коронавируска каршы түрк вакцина “Turcovac” деп аталат.
 “Коронавируска каршы ата мекендик вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасы менен Түркия бул жаатта жаңы баракты ачат», –  деди Эрдоган Түрк вакцинасынын презентациясында.
 Режеп Тайип Эрдоган ошондой эле Түркияда коронавируска каршы эмдөө процесси бир нече жуманын ичинде 18 жаштан жогорку калкты толугу менен камтый тургандыгын белгиледи.
Пресс-конференция учурунда Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустук инфекцияга каршы Turcovac түрк вакцинасы боюнча изилдөөнүн үчүнчү баскычы дагы Кыргызстанда өтөрүн айтты.
“Изилдөөнүн үчүнчү этабына 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Тест Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда өтөт. Изилдөөгө башка өлкөлөрдү кошуунун үстүндө иштеп жатабыз”, – деди Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

Комментарий жиберүү