Коронавирустан көз жумгандардын саны 2000ге жакындап калды

Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы 875 адамдан коронавирус табылды жана дагы 6 адам каза тапты. Бул тууралуу COVID-19 борюнча Республикалык штаб билдирди.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 1964гө жетти.

Илдетти жуктургандардын эң көбү Бишкекте:

•  Бишкек шаарында – 395;
•  Ош шаарында – 55;
•  Чүй облусунда – 128;
•  Ош облусунда – 109;
•  Талас облусунда – 12;
•  Нарын облусунда – 10;
•  Ысык-Көл облусунда – 27;
•  Жалал-Абад облусунда – 90;
•  Баткен облусунда – 49 кишиден илдет аныкталды.

Расмий статистика боюнча , вирус жуктургандардын жалпы саны 118 миң 981 киши.

Стационарда 2702 бейтап жатат жана алардын ичинен 12 адамдын абалы өтө оор жана 858 адамдын абал оор деп бааланды.

Кыргызтанда коронаир жктргандардын саны күн сайын өсүүдө. Репбликалык штаб Бишкек шаарындагы оорканаларда бош орундар бар экенин билдирди.

Комментарий жиберүү