Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө көбөйүп баратат.

Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундасына 508 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 куб метрге жетүүдө.
Эки ай мурда суунун көлөмү 8,6 миллиард куб метрди көрсөтүп жаткан. Маалым болгондой, бул эң төмөнкү көрсөткүч.
Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Комментарий жиберүү