Окумуштуулар коронавирустан жоготуулар боюнча Кыргызстанда эң начар абалды божомолдошту

1-июндан 31-августка чейин айрым мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда, COVID-19дан өлүм көбөйүшү мүмкүн.

Бул тууралуу «The Lancet» медициналык илимий журналынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланды.
Окумуштуулардын тобу дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин 100 миң адамга COVID-19 өлүмүнүн көрсөткүчүн моделдешти. Ага ылайык, Кыргызстанда өлүмдүн эң начар божомолу күтүлүүдө. 100 миң адамга 256дан 512ге чейин өлүм божомолдонгон.
Окумуштуулар баалоо моделинде ар бир өлкөнүн COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалганы боюнча маалыматтарды, вирустун ар кандай түрлөрүнө каршы дары-дармектердин эффективдүүлүгүнүн мета-анализинен алынган маалыматтарга, өлкөлөрдүн калкы вакцинага канчалык деңгээлде ишенерине көңүл бурушкан. Бул модель Кыргызстанда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн өлүм көп катталарын көрсөткөн.
Белгилей кетсек, кечээ 22-июнга карата өлкө боюнча коронавирус 931 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза тапты.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталгандан бери илдетти жуктургандардын саны күн сайын өсүүдө жана эксперттер дагы алдыңкы апталарда эпидемиологиялык абал оор болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Комментарий жиберүү