Муфтийликке талапкерлердин тизмеси

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысына тогуз талапкер ат салышат.

Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин каттоо жана аттестациялоо комиссиясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-июнда муфтийликке талапкерлер сынактан өткөрүлсө, 26-июнда шайлоо өтөт.

Муфтийликке талапкерлер:

1. Нурбек Токтогулов;
2. Султанали Гапуров;
3. Шүкүр Исмаилов;
4. Нематилла Жээнбеков;
5. Ниязали Арипов;
6. Убайдулла Сарыбаев;
7. Шакир Маматов;
8. Сайдамир Жейналиев;
9. Замир Ракиев.

Белгилей кетсек, учурда Жоробай ажы Шергазыев муфтийдин милдетин убактылуу аткарып жатат.

Буга чейин муфтияттын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылдырылып, 29-майга белгиленген болчу. Бирок өлкөдөгү эпидабалга байланыштуу муфтият кайрадан сынак өткөрмөй болгон.

Комментарий жиберүү