В. Путиндин өкүлү Д. Козак Бишкекке келди

Президент Садыр Жапаров Россия Президентинин Администрация Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Бул тууралуу КРнын Президентинин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Комментарий жиберүү