COVID-19: Жыл башынан берки антирекорд катталды

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус жуктурган 784 учур катталып, 4 адам каза тапты.

Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру катталгандан бери илдетти жуктургандардын саны 112 777ге жетип, илдеттен 1916 адам каза тапты.
Соңку бир суткада катталган 787 учур жыл башынан берки антирекорд болду.  Учурда стационарда 2 169 адам жатат. Алардын ичинен 94 бейтаптын абалы өтө оор, 602 кишинин абалы оор деп айтылды.
Эскерте кетсек, мындан эки күн мурун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялаган.

Комментарий жиберүү