Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөөлөр боюнча билдирди. Islam Today маалымат сайты билдиргендей, Казакстандын бийлиги коронавируска каршы вакцина менен калктын кеминде 60%ын эмдөөгө ниеттенүүдө.Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нурлыбек Асылбеков, казакстандыктар орусиялык “Спутник V” жана ата-мекендик “QazCovid-In” вакцинасы менен эмделишерин билдирди.«Биз биринчи жолу Sputnik V вакцинасынын өлкөдө өндүрүлүшүн колдоп, эмдөөгө өткөрдүк. Кийинки баскычта биздин өздүк “QazCovid-In” вакцинасынын өндүрүлүшүнө айрыкча басым жасамакчыбыз”, -деди Саматтыкты сактоо министрлигинин өкүлү.Эске салсак, мурдараак Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Вашингтон Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын киргизүүдө
АКШ Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын 18-марттан баштап киргизет. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Соода министрлиги 18-март күнү Орусияга курал-жарак экспортоо боюнча жаңы санкцияларын киргизээрин жарыялады. Белгилей кетсек, АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө химиялык операцияларда колдонула турган технологияларды Орусияга экспорттоодо жаңы чектөөлөр киргизилээри айтылат. АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө, чектөөлөр 18-мартта күчүнө кирет.Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланган билдирүүдө: “АКШнын санкцияларына Орусияга коргонуу продукцияларын жана коргонуу кызматтарын экспорттоого лицензия берүүдөн баш тартуу кирет”,- деп айтылган.Эске салсак,…
Прочитайте большеИран региондогу үчүнчү ири фармацевтикалык базарга айланат
ИИРдин Илим жана технологиялар боюнча вице-президенти, санкцияларга карабастан, илимге негизделген жана чыгармачыл компаниялардын аракети менен Иран региондогу үчүнчү ири фармацевтикалык базар болгонун жарыялады. Mehr News агенттигинин ИИРдин Илим жана технология министринин орун басарына шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, өлкөдө технологиялык экологиянын жана дары-дармек инновациясынын өнүгүшү Иранды аймактагы үчүнчү ири дары-дармек базарына айландырды.Бул дагы билимге негизделген жана чыгармачыл компаниялар жасаган технологиялык жана инновациялык аракеттердин натыйжасы. Белгилей кетсек, мурда өлкөгө керектүү көптөгөн дары-дармектер өтө чоң чыгымдар менен жана импорттун…
Прочитайте большеЭне-атага кызмат
Ыймандан кийинки биринчи вазыйпабыз – эне-атанын көңүлүн оорутпоо. Алар канчалык жаман болсо дагы бардык нерсенин үстүндө акылары бар. Алардын көңүлүн ооруткан адамдын ибадаты кабыл болбойт. Мусулман болуп туулуубузга жана мусулман болуп чоңойуубузга себепчи болгон эне-атабыздын көңүлүн оорутсак Жаннатка кирүүнү ойлой алабызбы? Мусулман эне-атабыз бизден ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуубуз өтө кыйын. Жакшылык кылып, алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек! Аллаху таала: «Эне-атага жакшылык кылгыла», – деп буюрууда. (Ниса 36, Энам 151, Анкебут 8) Хадиси шарифтерде дагы буюрулду: «Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү…
Прочитайте большеИран өзүнүн “Фахра” вакцинасын тааныштырды
Кечээ, шейшемби күнү Иранда коронавируска каршы өздүк “Фахра” вакцинасын сыноонун биринчи этабы башталып, маркум өзөктүк илимпоз Мохсен Фахризаденин уулу эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги маалымдады.Ирандын Коргоо тармагынын изилдөө жана инновация уюмунда (Сепанд) иштелип чыккан “Фахра” вакцинаснын презентациялык аземине өлкөнүн Коргоо жана Саламаттыкты сактоо министрлери генерал Амир Хатами жана Саид Намаки катышты.Эске салсак, Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегеран провинциясындагы кол салуунун натыйжасында каза болгон. Ал аралыктан башкарылган курал менен өлтүрүлгөн. Окумуштуу Коргоо министрлигинин алдындагы изилдөө жана инновациялар уюмун жетектеген.Фахра…
Прочитайте большеӨзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өткөн жумада президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстанда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетишилди. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп…
Прочитайте большеАмерикалыктар Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч деп эсептешет
Америкалыктардын дээрлик жарымы Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч жана душман деп аташты. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Гэллап институтунун сурамжылоосу өлкөнүн жарандары үчүн Кытай коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч болуп эсептелерин көрсөттү.News Max веб-сайтынын маалыматына ылайык, Гэллаптын сурамжылоосу боюнча, америкалыктардын жарымына жакыны “Кытай өлкөнүн эң чоң душманы” деп эсептейт. Февралда жүргүзүлгөн сурамжылоодо улуу муундагы 1021 америкалыкка сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы кечээ, шейшемби күнү жарыяланды жана Кытай АКШ үчүн эң чоң коркунуч деп табылды. Өлкөдө…
Прочитайте большеМусулман айымдар Муфтиятта аялдар бөлүмүн ачууну талап кылышууда
Кыргызстан мусулмандар аялдар коому КМДБнан жана аалымдар кеңешинен орун талап кылышууда. “Eurasia Today” маалымат порталыныны кабарчылар тобу билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мусулман аялдар жамааты өлкөнүн Мусулмандар Диний Башкармалыгында жана Аалымдар кеңешинде аялдар бөлүмүн ачуу маселесин кызуу талкуулашууда.Албетте, бул талкууда маселени колдогондор көп болгону менен кескин каршы чыккандар да жок эмес. Ал эми КМДБда аялдардын бөлүмү канчалык зарыл? -деген маселеге көптөгөн аялдар өз ой-пикирлерин билдиришти.Дегеле коомубузда кыз-келиндердин, үй-бүлөлүү аялдардын көйгөйлүү маселелери жок эмес. Мисалы, калктын аярлуу…
Прочитайте большеИрандын Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашты
Ирандын бажы өкүлү: “2020-2021-жылдар ортосунда Ирандын Шанхай келишимине мүчө өлкөлөр менен соода көлөмү 23 млрд. 165 млн. 95 миң 671 доллардан ашты.” Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Бажы маалымат кеңешинин катчысы Сайид Рухолла Латифи өлкөнүн Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашканын билдирди. Ал мындай деп белгиледи: “Иран Ислам Республикасынын Шанхай келишимине мүчө өлкөлөр менен болгон тышкы соода көлөмү 41 млн. 747 миң 999 тонна товарды түзөт жана ал 23 млрд. 165 млн. 95 миң 671…
Прочитайте большеМьянмадагы демонстрацияларда 138 адам каза болду
Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылык акцияларын басуу учурунда каза болгондордун саны 138ге жетти. “Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын расмий өкүлү Стивен Дюжаррик конференцияда Мьянманын ар кайсы шаарларындагы коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда ушул убакка чейин 138, алардын 50гө жакыны акыркы эки күндө каза болгонун билдирди. “Февраль айынын башынан бери Мьянмадагы нааразычылык акцияларында 138 адам каза тапты. Алардын ичинен 38 адам 14-мартта, дагы 18 адам 13-мартта набыт болду”, – деди Дюжаррик. “БУУнун Башкы катчысы…
Прочитайте большеДүйнө өлкөлөрүнүн элдери канча маянага бактылуу болушат?
Экономисттер кыргызстандыктарга бактылуу болуу үчүн канчасом акча керектигин аныкташты. 24.kg маалымат порталы билдиргендей, Америкалык окумуштуулар Gallup Дүйнөлүк сурамжылоонун маалыматтарын колдонуп, бакыт үчүн канча акча керек экендигине изилдөө жүргүзүштү.Сурамжылоого 1,7 миллион адам – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жашоочулары катышкандыгы маалымдалды. Сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, кыргызстандыктар бактылуу болуш үчүн жылына 9000 доллар маяна талап кылынат.Белгилей кетсек, Кыргызстан бакыт үчүн эң аз акчага муктаж өлкөлөрдүн катарына кирди.Ошондой эле Суринам (6 799 доллар), Аргентина (8000 доллар), Ангола (8…
Прочитайте большеБухарадан Иранга алгачкы түз аба каттамдары ачылат
Ирандын Zagros Airlines авиакомпаниясы Мешхед – Бухара – Мешхед биринчи түз аба каттамын ачты. IA ABNA маалымат порталы билдиргендей, Ирандын Zagros Airlines авиакомпаниясы Мешхед – Бухара – Мешхед биринчи түз аба каттамын 15-мартта баштады.«Бухоро Халкаро» аэропортунун туризм жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча агенттигинин директорунун орун басары Содик Шүкүров Sputnik Өзбекстанга маалымдагандай, Мешхед-Бухара аба каттамын ачуу келишими февраль айында ирандык делегациянын Бухара облусунун администрациясы менен облустук акимчиликте өткөргөн жолугушуусунда бекитилген. Азырынча тараптар март айына эки каттам боюнча макулдашышкан жана алардын…
Прочитайте большеЖактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар
Суроо: Жакындарыбыздан бири кайтыш болсо башыбызга каза келет. Сабыр кылбоо күнөөбүү? ЖООП Дүнүйө кыйынчылыктардын үстүнө курулган. Сабыр кылуудан башка чарасы жок. Үч сабыр өтө сүйүктүү: күнөө кылбоого сабыр, азап жана кайгыларга сабыр. Баласынын өлүүсү, мал-мүлкүнүн колунан чыгуусу жана көз, кулак сыяктуу органдардын көрбөөсү жана укпоосу сыяктуу адамдын каалоосу менен башланышы болбогон кайгыларга сабыр кылуудан да жогору сабыр жок. Азаптарга сабыр кылуу – бул сыддыктардын даражасы. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле: “Йа, Рабби, азаптар…
Прочитайте большеКыргызстанда уран калдыктары коопсуз жерге ташылууда
Жалал-Абад облусундагы Шекафтар шаарчасынын аймагында радиактивдүү уран өндүрүшүнөн калган калдыктарды коопсуз жерге ташуу иштери жүрүүдө. Учурда 200 миң метр кубка жакын уран калдыктары коопсуз жерге чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде № 2, 3, 6, 7 тоо-кен калдыктарын № 4 коопсуз тоо-кен калдыктарына которуу иштери жүрүүдө. Шекафтар шаарчасынын аймагында радиактивдүү уран өндүрүшүнөн калып, топтолгон 8 кен аянтчасы жайгашкан. Анын жалпы көлөмү 300 миң м³дун тегерегин түзөт. 2020-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын…
Прочитайте большеМьянмада жекшембидеги нааразычылык акцияларында 39 адам каза болду
Мьянма элинин төңкөрүш уюштуруучуларга каршы нааразычылык акциялары учурунда, дагы 39 демонстрант коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кечээ, 14-мартта армияга каршы нааразычылык акцияларында Хлингтайя өнөр жай шаарынын чет жакасында кеминде 22 демонстрант коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү. Маалыматта, аталган аймакта Кытайга байланыштуу бир нече завод өрттөлгөнү дагы айтылууда. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн башка аймактарында дагы 16 демонстрант өлтүрүлдү. Кечээки жекшемби күн ушул жылдын 1-февралындагы Мьянма өкмөтүнө каршы аскердик төңкөрүштөн бери эң кандуу күнгө айланды….
Прочитайте больше