Орозодо ооз ачыруу канчалык сооптуу?

Орозо кишиге “ифтар” берүү (ооз ачыруу) чоң сооп болот, жада калса жолдо бараткан бир орозолуу адамга бир нан же бир хурма берилсе дагы ифтар берүү сообуна ээ болот.

20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Бир адам бул айда (Ыйык Рамазан) бир орозолууга ифтар берсе күнөөлөрү кечирилет. Ошол орозолуунун сообунчалык ага да сооп берилет”, – деп айтканда сахабалардын кээ бирлери бир орозолууга ифтар жедире ала тургудай бай эмес экендиктерин айтышат.

Пайгамабарыбыз (с.а.в) аларга берген жообунда: “Бир хурма менен ифтар бергенге да, бир гана суу менен ооз ачтырганга да, бираз сүт бергенге дагы бул сооп берилет”, – деп айтты. (Байхаки)

Дагы бир хадисте: “Рамазанда бир конокко орозо ачтырган адамга “Сырат” көпүрөсүн (Акыреттеги кыл көпүрө) өтүү жеңилдейт”, – деп айтылды. (В. Нажат)

Тамак жедирүү – өтө сооптуу иш. Айрыкча орозолуу адамга тамак берүү андан да сооптуу. Орозо кармаган адамдын сообунчалык сооп алат, орозолуунун сообу кемибейт.

Ошондой эле хадистерде орозого суу берип болсо дагы оозун ачтыруу же курсагын тойгузуу, анын кемчиликтерин жаап, кайсы бир муктаждыгын орундоо чоң сооп экени айтылат.

Дээрлик Рамазан айында айрыкча жакшылык иштерди жасоодон жалкоолонбогонубуз оң. Анткени, бул Ыйык айда бардык жакшылык иштердин сообу бир канча эсеге көбөйөт.

Достор менен тамактануу

Досторго тамак берүү садага берүүдөн жакшыраак.

Хазрети Али айткан:

“Досторго жедирген бир наным кедейлерге берген беш нандан да баалуу. Достор менен желген тамак кул азат кылуудан да жакшыраак!”

Албетте, бул жерде тамакта күнөө кылынган чакырыктарга барууга болбойт. Кедейлердин чакырыгына барбай, байлардыкына баруу текеберликтен улам болот.

Бир мусулмандын экинчи мусулмандан беш акысынын бири анын чакырыгына баруу болуп саналат. Бирөө тамакка чакырса, чакырыгын кабыл алып, баруу керек.

Ашыкча убаракерчиликке кирген адамдын чакырыгына баруу керек эмес. Сараң адамдын дагы чакырыгына барбоо керек! Пайгамбарыбыз бул тууралуу: “Жоомарттын берген тамагы шыпаа, сараңдын берген тамагы оору”, – деп айткан. (Дайлами, Хаким, Ибни Лал, Даре Кутни, Хатиб)

Сөзсүз түрдө, чын көңүлдөн чакырган жерге баруу керек! Хадисте айтылды: “Чакырыкка барбаган адам Аллахка жана Элчисине каршы чыккан болот.” [Бухари]

“Эки киши бир убакта чакырса эшиги жакын болгонуна бар! Себеби, эшиги жакын болгонунун акысы биринчи турат.” [Бухари]

Комментарий жиберүү