Парацетамолдун кооптуу экени айтылды

Изилдөөчүлөр тобу популярдуу ооруну басандатуучу парацетамолдун бир аз ашыкча дозасы жагымсыз реакцияларга алып келиши мүмкүн экенин билдиришти.

Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Ашыкча дозанын эң көп кездешкен белгилери – жүрөк айлануу жана кусуу. Алар адатта гепатотоксикалык дозаны алгандан кийин бир нече сааттын ичинде пайда болот, бул өз кезегинде боорго зыян келтириши мүмкүн.

Мындан тышкары, препараттын ашыкча дозасы уйкуга, сарыкка жана курсактын оң жагынын жогору жагын оорутууга алып келиши мүмкүн. Буга чейин Испаниянын Наварра университетинин дарыгерлери парацетамолду лихорадка менен коштолгон жеңил жана орточо ооруну, мисалы, сасык тумоо сыяктуу ооруларды дарылоодо эң жакшы дары деп аташкан.

Парацетамол – белгилүү анальгетик жана антипиретик (ооруну басаңдатуучу жана дене табын түшүрүүчү каражат) болуп саналат. Ал борбордук нерв тутумундагы циклооксигеназаны бөгөттөп, оору жана терморегуляция борборлоруна таасир этет. Парацетамол – тамчы, таблетка, сироп, ампула түрүндө чыгарылат, анын таблетка түрү кеңири колдонулат. Ал  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эң керектүү дарыларынын тизмесине киргизилген.

Эске салсак, буга чейин америкалык окумуштуулар парацетамолдун негизинде жасалган дары-дармектер адамдын тукум улоо функциясына жана түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин билдиришкен.

Комментарий жиберүү