Кыргызстанда интернет аркылуу уруксатсыз курал сатуу көбөйдү

Телеграмм- каналдардын бири кыргызстандыктарга травматикалык куралдарды эч кандай уруксат, иш кагаздарсыз сатып алууну сунуштоодо.

“Eurasia Today” агенттигинин  маалыматына ылайык, курал- жарак саткан Телеграмм каналы көптөн бери өз ишин алпарууда.
Курал сунуштаган жарнамачылар Кыргызстан менен Казакстандын аймактарына буюрутмаларды жеткирип беришээрин жазышат.

Мыйзамсыз сатылуучу травматикалык куралдардын баасы 12 миңден 15 миң сомго чейин бааланууда.

Ал эми мындай жарнактарга карата ИИМ органдары чара көргөндөрү байкалбайт.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча, травматикалык куралдарды сатып алуу үчүн атайын аймактык ички органдардын уруксат кагазы талап кылынат. Ал үчүн алгач арыз жазып, керектүү анкеталарды жана психиатриялык- наркологиялык белгиси бар карточканы толтуруп бериши керек. Мындан тышкары паспорттун даректери, сүрөтү тапшырылат. Андан соң, курал сактоо шарттары текшерилип, атайын актылар түзүлүп, арыз ээсине уруксат кагаз берилет.

Бул арада мыйзамсыз курал алып жүрүү, сактоо же сатуу жазага тартылат.

Комментарий жиберүү