ИШИМдин миллиондогон доллары жана алтындары табылды

Талкаланган Мосул шаарында ИШИМдин миллиондогон долларлары жана алтын күмүштөрү табылды.

20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Согуштун натыйжасынан дээрлик толугу менен талкаланган Мосулдун үйлөрүнүн биринде Ирактын коопсуздук күчтөрү 1,6 млн. доллар, ошондой эле бир нече килограммдаган күмүш жана алтын монеталарды табышкан.

Shafaq news жаңылыктар порталы билдиргендей, бул байлыктын бардыгы бир кездерде шаарды узак мезгилден бери көзөмөлдөп турган «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлерине таандык болгон жана алардын казынасы деп аталган жерде сакталган.

Бардык акча жана баалуу металлдар жергиликтүү тургундардан радикалдар тарабынан конфискацияланып, уурдалган.

Тактап айтканда, террорчулардын кампасынан 1,59 млн. доллардан ашык акча, 15 кг. күмүш жана алтын монеталар табылган.

Эске салсак, ИШИМ согушкерлери Ирактын аймагынын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн 2014-жылы жайында басып алышкан. Алар Мосулду өздөрүнүн “халифатынын” борбору деп жарыялашкан.
 

Террорчулар көзөмөлгө алынган аймактардын жашоочуларынан салык алып турушкан, ошондой эле жарандарды, компаниялардын кеңселерин, мамлекеттик мекемелерди жана банктарды тоноп кетишкен.

2015-жылы эл аралык коалициянын колдоосу менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү экстремисттер басып алган аймактарды бошотуу боюнча кеңири өнөктүк баштап, 2017-жылы жеңиш менен аяктаган.

Комментарий жиберүү