Кайрадан тандалган Чаддын президенти атышуудан набыт болду

Чаддын президенти Идрис Деби Итно экстремисттерге каршы операциянын жүрүшүндө жаракаттан көз жумду.

“Eurasia Today” агенттигинин маалыматына ылайык, Идрис Деби Итно козголоңчуларга каршы күрөшүп жатканда алган жаракатынан улам көз жумду.
Бул тууралуу France Press агенттиги өлкөнүн мамлекеттик телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

“Президент жана Жогорку командир Идрис Деби Итно жаңы эле көз жумду», -деп жарыялады Чад армиясынын расмий өкүлү Азема Бермандоа.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы өткөн дем алыш күндөрү өлкөнүн түндүк тарабындагы козголоңчулардын аскерлерин жок кылуу боюнча операцияны жеке өзү жетектегенде, согуштук аракеттерден улам жаракат алган.

Өлкөнү 1990-жылдан бери жетектеп келген Идрис Деби Итно 11-апрелдеги президенттик шайлоодо алтынчы ирет жеңишке жетип, 79,32% добуш алган.

Ал эми 11-апрелде өткөн шайлоо күнү “Чаддагы Өзгөрүүлөр жана Келишим Фронтунун” куралдуу бөлүктөрү Ливия тараптан өлкөгө басып киришкен. Алардын “мизин майтаруу” операциясына президент жеке өзү көзөмөл кылган. Согуш учурунда ал катуу жаракат алып, көз жумган.

Учурда өкмөттү убактылуу башкарууну анын уулу Махамат Какой колуна алды.

Комментарий жиберүү