9 – 11 – класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди тапшырбайт

Быйылкы жылы республикабыздын мектептеринде окуу жылынын аягында өтүүчү мамлекеттик экзамендер өлкөдөгү пандемияга байланыштуу өткөрүлбөйт.

“Eurasia Today” агенттиги билим берүү министрлигинин маалыматына таянып билдирүүсүнө ылайык,  быйыл 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерден бошотулушканын жарыялады.

Өлкөнүн билим берүү министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, быйылкы пандемияга байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырышпайт.

Берилген маалыматтарга караштуу, экзамендердин ордуна атайын предметтик комиссия түзүлүп, анда окуучулардын жыл бою жетишкендиктери каралып, чейректердеги бааларга жараша экзамендик баа коюлат.

«Мындай чечим өлкөдөгү коронавирустук инфекцияга, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Эгерде окуучу же анын ата-энеси коюлган баага макул болбосо, анда апелляциялык комиссияга кайрылса болот », – деди адис.

Комментарий жиберүү