Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда коронавирустук кырдаал күчөгөндөн улам, алгачкы массалык эмдөө 1 млн. доза менен башталды.

Eurasia Today агенттиги ирандык ЖМКаларга шилтеме берип билдиргендей, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри 20-апрелден баштап өлкөдө бир миллион адам коронавируска каршы вакцинасын алаарын жарыялады.

Белгилей кетсек, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри Саид Намаки бул тууралуу Хельсинкидеги Саясий кеңештин Европа өлкөлөрүнүн, Перс булуңунун, Чыгыш Жер Ортолук деңизинин жана Түндүк Африканын Ковид 19 пандемия аймагындагы кызматташтыгын чыңдоого арналган жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында билдирди.

Ал, өз өлкөсү коронавирус менен күрөшүүгө бир жылдан ашуун талыкпай аракет жасап келе жатканын белгилеп, буга чейин Индия, Кытай, Орусия менен вакцина жеткирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн тактады.

Эске салсак, Иран өткөн аптада Орусиядан 60 млн. доза Спутник вакцинасын сатып алууга макулдашкан.

Бүгүнкү күндө 80 млн. калктуу Иранда коронавирустун жаңы толкунунан улам күнүнө 300-400 бейтап көз жумууда. Ал эми жаңы жуктургандардын саны 25000ге чукулдайт.  Ошентип, өлкөдөгү Ковид 19 бейтаптарынын жалпы саны 2 млн. 261 миң 435 адамга жетти.

Комментарий жиберүү