Ирандын Биотехнологиялар Ассоциациясынын башчысы Сирус Зейнали ирандык окумуштуулар иштеп чыккан коронавируска каршы вакциналар натыйжалуу жана таасирдүү экенин “IRNA” агенттигине берген маегинде билдирди. Зейнали ирандык окумуштуулардын вакцина жаатындагы жетишкендиктерине ишара кылып, Иранда өндүрүлгөн COVID-19га каршы вакцина Кытайда иштелип чыккан вакциналарга окшош экенин жана алардын жаныбарларга жасалган сыноосу натыйжалуу болгону ырасталып, адамдарга сыноо улантылып жатканын билдирди. Ал дагы бир катар ата мекендик вакциналар иштелип чыгып жатканын жана алардын айрымдары жакын арада өлкөнүн Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы менен Медициналык изилдөө…
Прочитайте больше01
Байдендин инаугурация аземинин коопсуздугун 7000ден ашуун аскер камсыз кылат
АКШнын жаңы президентинин инаугурация аземине 25 миң аскердин катышуусу күтүлүүдө. Pars Today агенттиги билдиргендей, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясын камсыздоо үчүн Американын 7000ден ашуун аскери баш калаага жөнөтүлдү. Бул тууралуу АКШнын Улуттук Гвардиясы өз билдирүүсүндө: “Бул күчтөр 12-январдан 15-январга чейин Байдендин ант берүү аземин камсыз кылуу үчүн 134 аскер учагы менен АКШнын борборуна өткөрүлүп берилди”, – деп жарыялаган.Белгилей кетсек, мындан тышкары салтанатка 25 миң полиция жана армия кызматкерлеринин катышуусу күтүлүүдө.Учурда аскерлерди өткөрүп берүү жана жайгаштырууну…
Прочитайте большеАнкара менен Баку биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт
Анкара менен Баку Түркиянын Армения менен чектеш Карс провинциясында 1-февралдан 12-февралга чейин биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын расмий өкүлдөрү 1-12-февраль күндөрү Азербайжан армиясынын катышуусунда өлкөдө өтө турган “эң ири кышкы аскердик машыгууларга” даярдык көрүлүп жаткандыгын жарыялашты.“Daily Sabah” гезити дагы Түрк армиясы өлкөнүн куралдуу күчтөрү Карс провинциясында кышкы аскердик машыгууга даярданып жатканын билдиргенин жазды.Түркиянын Армения менен чектеш Карс провинциясындагы “Кыш-2021” машыгуусуна Азербайжан Республикасынын аскер күчтөрү катышат.Түрк армиясынын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, 1-февралдан…
Прочитайте большеДүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 95 миллиондон ашты
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны бүгүн эртен менен 95 миллиондон ашты. Бул туурасында “Worldometer” порталынын акыркы отчетунда берилгенин “Tasnim News” агенттиги жазды. Бүгүн эртен мененкиге карата дүйнөдө вируска чалдыккандардын саны 95 миллион 448 мин 91 киши болду. Анын ичинен 2 миллион 39 мин 706 бейтап көз жумду. Жалпы ооругандардын ичинен 68 миллион 196 миң 88 бейтап ооруну жеңе алышты. COVID-19 жуктургандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Бул жерде жалпы 24 миллион 482 мин…
Прочитайте большеӨзбек эксперти: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктап баратат
«Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси: Төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктоодо. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, «Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси Бахтиёр Эргашев төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилелериндеги жылуу мезгил аяктап жатат деп билдирди.“Өзбекстан бийиктиги болжол менен 400 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин бири Рогун электр станциясынын курулушуна каршы. Эгер ал курулса, ылдыйкы агымдагы өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөргө туш болушат. ГЭСтин курулушуна байланыштуу Өзбекстандын нааразычылыгына карабастан, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун…
Прочитайте большеКонгресс Трампка импичмент жарыялады. Эми бул маселе Сенатта каралат
Президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча токтомго Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси кол койду. Президент Дональд Трамп эки жолу импичмент жарыяланган АКШ лидери катары тарыхта калды. Эми Конгресстин чечимин Сенат бекитип бериши керек. Бирок бул маселе Жо Байдендин инаугурациясынан кийин каралат. Шаршемби күнү Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар президент Трампка импичмент жарыялоо маселеси тез арада каралат деген убадасын аткарды. Бир нече саатка созулган талкуудан кийин Өкүлдөр палатасы Трамп демонстранттарды тукурганы үчүн башаламандык болду деген чечим чыгарды. Өкүлдөр…
Прочитайте большеАКШнын борборунда Улуттук Гвардиянын 21 миң аскери жайгаштырылат
АКШнын Улуттук Гвардиясынын командири жаңы президенттин инаугурациясында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Вашингтонго Улуттук Гвардиянын 21 миңдей аскери жайгаштырыларын билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Улуттук гвардиясынын командири генерал Дэниел Хокансон бейшемби күнү АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугушуу учурунда федералдык мекемелердин коопсуздугун сактоо үчүн Вашингтондо буга чейин Улуттук Гвардиянын 7000дей аскери жайгаштырылганын билдирди.Анын айтымына караганда, 20-январда АКШнын саясий борборунда өтүшү керек болгон жаңы президент Жо Байдендин инаугурациясына чейин Вашингтондо жайгаштырылган Улуттук гвардиянын аскерлеринин саны 21…
Прочитайте большеБангладеште качкындардын лагери өрттөнүп кетти
Бангладештин түштүгүндө жайгашкан миңдеген рохинжа мусулмандары баш калкалаган качкындардын лагери өрттөнүп жок болду. Кечээ, бейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы Бангладеш менен Мьянманын чек арасындагы качкындар лагеринде ири өрт чыгып, анын кесепетинен 3500дөй рохинжа качкынына таандык 550дөн ашуун баш калкалоочу жай жок болгонун билдирди.Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын берген маалыматына ылайык, лагерде кечээ таңга жуук 3500гө жакын адамга таандык 550дөн ашуун баш калкалоочу жай, ошондой эле коммерциялык…
Прочитайте большеНорвегияда «Pfizer» вакцинасын алган 20дан ашуун адам көз жумду
Норвегияда коронавируска каршы Американын «Pfizer» компаниясы жана Германиянын «BioNTech» стартапынын вакцинасын алган 23 киши көз жумду. Бул тууралуу Норвегиянын дары-дармек агенттиги билдиргенин «Ir.Sputnik» агенттиги жазды. Адистер жарандардын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө. Маалыматта 13 бейтаптын өлүмүнүн себептери аныкталгандыгы айтылат. Норвегиянын дары-дармек агенттиги билдиргендей, вакцинадан улам пайда болгон дене табынын көтөрүлүшү жана жүрөк айлануу сыяктуу кадимки симптомдор ден-соолугу начар айрым улгайган адамдардын өлүмүнө алып келген болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, Норвегияда коронавируска каршы эмдөө өткөн жылдын 27-декабрында башталган. Алгачкы эмдөөдөн Ослодогу…
Прочитайте большеТрампка импичмент жарыяланса, ал кандай артыкчылыктардан ажыратылат?
Жо Байден президент болуп ант бергенден тогуз күн мурун, демократтар Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын башташкан. Трамп АКШнын тарыхында эки жолу импичмент жарыяланган биринчи президент болот.Иран пресс жаңылыктар агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп ага импичмент жарыяланганда эмне жоготот: Биринчиден, бир жылга болжол менен $ 219,000 өмүр бою пенсия. Экинчиден, жол акыга жылына 1 миллион доллар. Үчүнчүдөн, кеңсени күтүүгө жана персоналды жалдоого кеткен чыгым жылына болжол менен 96000 долларды түзөт. Төртүнчүдөн, аскердик госпиталда дарылануу жана өмүр бою медициналык…
Прочитайте большеАмерикалыктардын 79%ы өз өлкөсү кыйрап жатат деп эсептешет
Axius News жана коомдук сурамжылоонун биргелешкен изилдөөсү көрсөткөндөй, америкалыктардын 79 пайызы өз өлкөсүнүн ыдыроосуна күбө болушууда. Tasnim News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматы боюнча, Axius News жана Ipsus Opinion Polling Institute биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, 79% америкалыктар өз өлкөсү ыдырап баратат деп эсептешет.Белгилей кетсек, мындай пикирлер Трамптын Конгресске жасаган чабуулунан бир жумадан кийин көбөйгөн.Жарыяланган сурамжылоого ылайык, демократтардын 83 пайызы жана республикачылардын 78 пайызы алардын өлкөсү кыйрап жатат деп айтышкан. Сурамжылоонун катышуучуларына: “Америкалык экендигиңе сыймыктанасыңбы?”,- деген дагы…
Прочитайте больше