Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай Палестинага 2 миллион долларлык гуманитардык жардам жана коронавируска каршы 200 000 доза вакцина жөнөтөт.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Чжао Лицзянь билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары маалымдашты.
Анын айтымына караганда, Кытай Палестинага шашылыш гуманитардык жардам түрүндө 1 миллион доллар накталай акча жөнөтүүнү пландап жатат. Андан кийин, палестиналык качкындарга таркатылып берилиш үчүн дагы 1 миллион доллар жана 200 000 доза коронавирустун вакцинасы жөнөтүлүп, өлкөнүн Качкындарга жардам берүү жана жумушка орноштуруу агенттигине (UNRWA) тапшырылат.

Буга чейин, Кытай Эл аралык өнүктүрүү кызматташтык агенттигинин өкүлү жарадарларды дарылоо жана үйлөрү талкалангандарга жардам берүү үчүн Палестина автономиясына гуманитардык жардам жөнөтүшөрүн билдирген.

Маалыматка ылайык, Кытай өкмөтү палестиналыктарга гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн шашылыш чара көрүү механизмин ишке киргизди.

Эскерте кетсек, Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү менен сионисттик режимдин ортосундагы 11 күндүк салгылашуу учурунда 243 палестиналык өлтүрүлдү, анын 66сы балдар.

Кечээ, 21-майда Египеттин демилгеси менен сионисттик режимдин коопсуздук кабинети Палестинанын ХАМАС тобу менен ок атышпоо макулдашуусуна жетишкени маалымдалган. Бирок, айрым маалымат булактары ошол эле ок атышпоо макулдашуусу жетишилген күнү Израиль тараптан ок атууну токтотуу режими бузулганын жазып чыгышты.

Комментарий жиберүү