Алдыдагы 24 сааттын ичинде ХАМАС менен Израилдин ортсунда ок атышуу токтотулушу мүмкүн

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бир бөлүгү менен Израилдин расмий өкүлдөрүнүн ортосунда ок атууну токтотуу боюнча келишим 24 сааттын ичинде түзүлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу кечээ, шаршемби күнү Палестина каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) борбордук комитетинин жооптуу катчысы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Ал Сауд Аравиясынын “Шарк” телеканалына берген маегинде, “Египет баштаган араб өлкөлөрүнүн аракети ок атышууну токтотуу жөнүндө келишимдин долбоорунун ийгилигин арттырды жана бул келишим 24 сааттын ичинде түзүлүшү мүмкүн”, – деди.

Ошондой эле, ал согуш жана тирешүүлөр жакынкы сааттарда токтойт деп күтүп жатышканын баса белгиледи.

Анын айтымында, жаңжалдын курчушу жаңы окуяларды жаратты жана Жакынкы Чыгышты жөнгө салуу кырдаалы он күн мурдагыдай болбойт.

Белгилей кетсек, дипломатиялык аракеттерге карабай, Израиль менен ХАМАС уюмунун ортосундагы атышуулар токтой элек.

БУУнун маалыматына ылайык, Газада 35 миңден ашуун палестиналык жер которууга аргасыз болду жана 2,5 миңдейи үй-жайсыз калды.

Израилдин кол салуусунан Палестинанын 212 жараны, анын ичинде 61 жаш бала каза болду.

Комментарий жиберүү