Кытайда белгисиз себептерден улам 300 метрлик асман тиреген имарат теңселди (видео)

Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы эң бийик имараттардын бири болгон “SEG Plaza” соода борборунун имараты кечээ, 18-майда жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат бирлер чамасында белгисиз себептерден улам кыймылга келип, соода борборунун ичинде жана сыртындагы дүрбөлөңгө түшкөн адамдар  коопсуз жайга эвакуацияланды.

 Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча, имарат 14:40ка чейин толугу менен жабылган.
Расмий өкүлдөр Футянь районундагы мунаранын теңселишине эмне себеп болгонун иликтешет деп айтылат Weibo сайтына жарыяланган билдирүүдө.

 “Шаардагы жер титирөөнү көзөмөлдөөчү ар кандай станциялардан алынган маалыматтарды текшерип, талдап чыккандан кийин, шейшемби күнү Шэньчжэнь шаарында жер титирөө болбогону аныкталды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кийинчерээк эксперттер “негизги курулушта же имарттын сыртында коопсуздук эрежелери бузулгандыгын аныкташкан эмес”, ал эми асман тиреген имараттын ички жана сырткы бөлүктөрү жабыркаган эмес.

Жергиликтүү ММКлар жарыялаган видеолордо жүздөгөн адамдар дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө качып чыгып жатышканда асман тиреген имараттын солкулдап жаткандыгы көрүнүп турат.

2000-жылы курулган имаратта  “Shenzhen Electronics Group” ири электроника рыногу, ошондой эле ар кандай кеңселер жайгашкан.

Дүйнөдөгү эң бийик алты асман тиреген имараттардын бешөө Кытайда жайгашкан, анын ичинде дүйнөдөгү экинчи бийик имарат – 632 метр бийиктиктеги Шанхай мунарасы болуп саналат.

Комментарий жиберүү