Муфтийди эл шайлайбы?

Кыргызстанда 29-майда өтө турган муфтийди шайлоо даярдыгы жаңжал менен башталды.

КМДБнын тегерегинде шайлоо ыкмасына каршы болгон ондогон адамдар боз үй тигишип, өз талаптарын коюшууда.

Алардын айтымында, буга чейин Кыргызстандын муфтийи коррупция менен шайланып келген жана ким муфтий болоорун саналуу гана органдар чечишкен. Эми мындан ары талапкерлерди эл шайлоосу талап коюлду.

Белгилей кетсек, учурда муфтийликке 6 талапкер коюлган.
Алар: Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Нурбек Токтогулов жана Шүкүр Исмаиловдор.

Комментарий жиберүү