Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кыргыз-түрк достук мамилелери өнүктүрүлө тургандыгын белгиледи.

“Кыргызстан менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев Анадолу агенттигине.

Элчи өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн. долларды түзгөнүн эске салып: “Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы стратегиялык макамга ээ”,- деди.

Анын айтымында, Кыргызстан Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууга кызыкдар.

Кубанычбек Өмүралиев мындай деп кошумчалады: “Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы инвестициялык мыйзамдар иштелип жатат. Мыйзам инвесторлордун укугун коргоого, ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен инвестициялык ишмердүүлүктү кубаттоого багытталган».

Эске салсак, пандемия учурунда дагы кыргыз-түрк мамилелери да токтобостон кайра өнүккөн. 2020-жылдын 15-июлунда Түркия Кыргызстанга дары-дармектерди жана кычкылтек жабдыктарын камтыган гуманитардык жардам жөнөткөн. Ошондой эле Бишкекте Кыргыз-Түрк достук ооруканасын убактылуу ачуу чечими кабыл алынып,  жакын арада оорукананын толук кандуу иштеши күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү