Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайдын Сычуань провинциясында чөкпөй турган “Титаник” кемесинин көчүрмөсү курулууда.

Кеме “Чөкпөй турган Титаник” деп аталган.  
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Кеме легендарлуу Титаник кемесинин так өзүндөй болуп курулууда. Анын узундугу 269,06 метр, туурасы 28,19 метрге жетет, ал эми ички жасалгасы чөгүп кеткен “Титаник” кемесинин жасалгасындай жасалат. Кемеде аянтчалар, бассейн жана банкет залдары болот. Кытайлыктар ошондой эле кемеде сахнасы бар театр да болорун убада кылышууда.

Чыныгы Титаниктен айырмаланып, бул кеме Цицзян дарыясындагы суу сактагычта жайгаштырылат, башкача айтканда, анын чөгүп кетүү мүмкүнчүлүгү болбойт.

Кытайда бул туристтик объект көптөгөн туристтерди тартат деп ишенишет. “Титаник” “Romandisea” тематикалык паркында эң негизги объект болмокчу.

“Сууга чөкпөс Титаниктин” курулушу беш жылдан бери уланууда, курулушка 23 миң тонна болот колдонулган. Жалпы долбоор 153,5 миллион долларга бааланган.

Эске салсак, чыныгы “Титаник” кемеси бир кезде дүйнөдөгү эң чоң кеме болуп эсептелген. Ал 1912-жылы 10-апрелде Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан.

Кеме 14-апрелде айсбергге урунуп, үч сааттын ичинде чөгүп кеткен.
Кемедеги 2 миң 223 адамдын ичинен 706 киши гана аман калып, 1517 жүргүнчү каза тапкан.

Комментарий жиберүү