Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн

АКШ бийлиги 20 мамлекетте аскер базаларынын долбоорун иштеп чыгууга дээрлик 250 миллион доллар бөлдү.

Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн экенин RT агенттиги АКШнын Кургактагы күчтөрүнүн инженерлер корпусунун арызына шилтеме берүү менен билдирет.

Документке ылайык, Вашингтон Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азиядагы 20 өлкөдө, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда инфраструктурасы бар аскер базаларын курууга ниеттенүүдө.

Объектилерге аэропорттор, унаа  жолдору, ооруканалар, электр станциялары, суу менен камсыздоо тармактары жана башкалар кирет. Базалар перрондор жана учуп-конуучу тилкелер менен жабдылат.

Долбоорду иштеп чыгууга АКШ өкмөтү 240 миллион доллар бөлгөн. Подрядчиктер менен келишим беш жылга түзүлөт.
Бирок, Вашингтондун пландары аткарылбай калышы мүмкүн. Америка иш жүзүндө бекемделбеген мындай билдирүүлөрдү биринчи жолу жасап жаткан жок.

Эске салсак, 2004-жылы Тажикстанда Орусиянын чегинен тышкары эң ири 201-аскер базасы курулган.
Мындан тышкары, жакында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Тажикстанга болгон иш сапарында Ооганстан менен чек арада жаңы өткөрүү пункту курула тургандыгын жарыялаган.

Ошентип, Москва иш жүзүндө Душанбеге терроризмге, экстремизмге жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө керектүү жардамдарды көрсөтүүнү уланта берет.

Эске салсак, буга чейин The Wall Street Journal басылмасынын Пентагондогу жана АКШ президентинин администрациясындагы булактары Вашингтон Ооганстандан чыгарылган аскерлерин Өзбекстан жана Тажикстанга жайгаштыруу үчүн бул өлкөлөрдө аскер базаларын ачууга ниеттенип жатканын жарыялаган.

Билдирүүдө жаңы базалар террорчуларды ооздуктоого жана Ооганстандын өкмөтүнө жардам берүү үчүн керек экендиги белгиленген.

Комментарий жиберүү