COVID-19: Акыркы суткада 742 учур катталды

13-январга карата бир суткада 742 адамдан коронавирус аныкталып, 3 адам каза тапты.

 Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Эң көп Бишкек шаарында 632 учур катталган. Ал эми Ош шаарында 8, Чүй облусунда 42, Ош облусунда 5, Талас облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 22, Жалал-Абад облусунда 15 жана Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган.

Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 187 миң 620га, каза тапкандардын жалпы саны 2826га жетти.

Кечээ, 12-январга карата коронавирус боюнча тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турганы маалымдалган.

Ошондой эле, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын жана өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталганын билдирген.

Комментарий жиберүү